01

Март

2023

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чехиялык компания өкүлдөрү менен таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар болгон чехиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышып, чехиялык компаниялардын тобу консорциум түзүп, анын ммилдетине техника-экономикалык негиздемеден тартып, долбоорлоо жана тейлөөгө чейинки ишкананы түзүү боюнча иштердин жыйындысы кире тургандыгы айтылды.  

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин башчысы долбоорду ишке ашырууга мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам берилерин баса белгилеп, бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Калдыктарды кайра иштетүүчү завод куруу идеясы айтылып келе жаткандыгына көп болду, аны жигердүү ишке ашыруу керек. Бүткүл дүйнөлүк энергетикалык кеңеш маалымдагандай, азыркы темп менен 2025-жылга карата глобалдык таштанды өндүрүшү күнүнө 6 млн тоннага жетет. Убакыт аз, курулушту баштоого убакыт келип жетти», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде борбор калаанын мэри катышуучуларга компаниялардын ишке ашырылган долбоорлор боюнча жакшы портфели бар экенин, атап айтканда, бул компаниялар тарабынан Чехия жана Словакияда таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор курулганын маалымдады.

Ал ошондой эле консорциум тараптан финансылык талдоо жана алдын ала техника-экономикалык негиздеме иштелип чыкканын, ал эми жакынкы аралыкта долбоордун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгаарын кошумчалады. Бул багыттагы тиешелүү иштер тездетилет.