02

Март

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолукту

Азербайжан Республикасында иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Орхан Маммадов менен жолукту.


Тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2022-жылы жетишилген эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.


Мында тараптар Азербайжан Республикасынын алдыңкы компаниялары менен пландаштырылган жолугушууну канааттануу менен белгилешти.


Жолугушуунун жыйынтыгында ар кандай форматтагы иштиктүү жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.


Белгилей кетсек, Азербайжан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Кошулбоо кыймылынын” Саммитине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дагы катышат.