02
Март
Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту
Азербайжан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын август айында Баку шаарында өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулашты.
Ошондой эле, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлеринин 2022-жылы Азербайжан Республикасына жана Кыргыз Республикасына болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар мамлекет башчыларынын сапарларынын жыйынтыктары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүү үчүн жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.
Алар мындан тышкары Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун ишке ашырууда зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгына байланыштуу, жакынкы аралыкта фондду практикалык жактан баштоо пландарын канааттануу менен белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштурууну макулдашты, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-азербайжан бизнес форумун өткөрүү ниетин билдиришти.