03

Март

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушул күндөрү Азербайжанда өтүп жаткан “Кошулбоо кыймылынын” Байланыш тобунун Саммитинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 70тен ашуун мамлекеттин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышуусунда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан “Кошулбоо кыймылынын” Байланыш тобунун Саммитинин жыйынына катышты. 

Бул “Кошулбоо кыймылы” Саммити – COVID-19 пандемиясынан кийинки абалды калыбына келтирүүгө арналган.

Саммиттин жыйынын Кошулбоо кыймылына төрагалык кылуучу Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев ачты. 

Саммит Түркия жана Сирияда болгон катуу жер титирөөлөрдөн улам курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин башталды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын Саммиттин Төрагасы Ильхам Алиевге жана бардык катышуучуларга жолдоду. 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Азербайжан Республикасынын 2019-жылдан бери Кошулбоо кыймылына ийгиликтүү төрагалык кылуусунун, мүчө-өлкөлөрдүн демилгелеринин, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн жигердүү катышуусунун аркасында Уюмдун өзгөчө ролу жана эл аралык позициясы чыңдалууда. 

“Коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери биздин планетада жаңы тарыхый этап башталды. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө болгон коронавирус пандемиясы мамлекеттердин экономикасына жана элдердин жашоосуна терс таасирин тийгизди. Биргелешкен иштердин аркасында биз акыркы эки жылда бул вирустун жайылышынын эң курч фазаларын жеңе алдык деп ишенем”, - деди ал.