09
Март
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика, транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн чоң потенциал бар экендиги белгиленди.
Автоунаа өнөр жайындагы кооперациялык долбоорлорду, биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүү жана электр приборлорун өндүрүү боюнча долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы боордош республика менен жакшы коңшулаштык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
«Мунун далили катары жакында эле Кыргыз Республикасына болгон иш сапарыңызда кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация болуп саналат. Үстүбүздөгү юбилейлик жыл кыргыз-өзбек өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарында жаңы жетишкендиктер, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен коштолот деп ишенем»,- деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.