10

Март

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Жызак” эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Жызак облусундагы “Жызак” эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышты.   

“Жызак” эркин экономикалык аймагы 2013-жылдын март айында түзүлгөн.  

Акылбек Жапаров ошондой эле жылдын ар кайсы мезгилинде үй ичиндеги температураны туруктуу кармап турууга мүмкүндүк берген жогорку сапаттагы жылуулоочу – базальт материалы өндүрүлгөн “Basalt Wool” ишканасынында болду. 

Өндүрүш ишканасынын аянты 15 000 м² түзөт, учурда мында 200гө жакын адис иштейт.  

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы KIA жана Chery үлгүсүндөгү автоунаалардын ар кандай тетиктерин чогултуу боюнча иш алып барган “ADM Jizzakh” заводунун өндүрүштүк линиясы менен таанышты. 

Тетиктерди чогултуу методу менен иш алып барган ишканада жылына 25 миң даанага чейин KIA жана Сhery автоунааларынын он модели чыгарылат.