16
Март
2023
Эдил Байсалов Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм тармактарында жана спортчуларды даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Тараптар ошондой эле 2023-жылы Беларусь Республикасында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин II оюндарын өткөрүү жана ага кыргыз тараптын катышуу маселесин сүйлөштү.