30
Март
Чүй облусу: Мамлекеттик тилге мамиле
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К.Осмоналиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г.Кыштобаеванын катышуусу менен Чүй облусунун Жайыл жана Сокулук райондук мамлекеттик администрацияларында 2023-жылдын 29-мартында мамлекеттик тилдин макамын жогорулатуу максатында, документ иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынтыгында Г.Кыштобаева тарабынан райондук мамлекеттик администрация башчыларына, өз алдынча башкаруу органдардын башчыларына жана шаардык мэриялардын, мекеме-уюмдардын, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине документ, иш-кагаздарынын жүгүртүүсү кыргыз тилинде болуусу жана көрнөк-жарнак, көрүнөө маалыматтардын мамлекеттик тилде илинүүсү боюнча тапшырмалар берилди.