01
Апрель
“Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясы ачылды
“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деген символикалык аталыштагы аллеяга көчөт отургузуу боюнча экологиялык акция өткөрүлдү.
Экологиялык акцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донордук уюмдардын байланышчылары катышты.
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, иш-чаранын негизги максаты медиа чөйрөнүн өкүлдөрүн бириктирүү.
“Бүгүн биз символикалык мааниге ээ болгон “Ынтымак” сейил багында журналисттер, мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары жана эл аралык уюмдардын байланышчылары чогулуп отурабыз. Биздин негизги максат Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү жана жыргалчылыгы үчүн багытталган күч-аракеттерди бириктирүү, медиа чөйрөсүн өнүктүрүү жана сөз эркиндигин коргоо. Өлкөбүздү сөз эркиндигинен ажыратуу мүмкүн эмес, ал ар бирибизде бар. Бул демилге өлкө Президенти тарабынан жарыяланган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылды. Бул экологиялык көчөт отургузуу акциясы келечекте медиа чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн жыл сайын жакшы салтка айланат деген ишенимибизди билдиребиз”, - деп белгиледи кызматтын жетекчиси.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан журналисттер менен байланышчыларды бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында уюштурулду.