28
Апрель
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкентке болгон жумушчу сапарынан ФОТОБАЯН
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумушчу сапары аяктады.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Өзбекстан Республикасынын Премьер-Министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушту.
Мындан тышкары, МинКаб башчысы II Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү.
Жумушчу сапарынын аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Төмөндө Министрлер Кабинетинин башчысынын Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынан фотобаян сунуштайбыз.