29

Апрель

2023

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарын «убакытты текке кетирбөөгө жана талыкпай иштөөгө» чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында бул окуу жайдын педагогикалык жамаатынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле аларды баалоо жана мотивациялоо системасын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин сапаты жарандардын жашоо деңгээлине түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, Президент кадр саясаты боюнча үч жарлыкка кол койгонун кошумчалады.

«Кадр саясаты системасын өркүндөтүү боюнча бир топ иштер аткарылды, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо системасы жакшыртылды, бир сөз менен айтканда, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдарга бардык шарттар түзүлдү», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

МинКаб башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган бардык чаралар «жарандар үчүн чындап эле сезилээрлик» болушу керектигин баса белгиледи.

«Сиздер коомдун укуктук жана экономикалык өнүгүүсүнөн кабардар болуп, ар дайым жаңы билимге умтулушуңуздар керек. Жакшы менеджер болуу, жоопкерчиликти ала билүү, технология дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктарды билүү, жасалма интеллектти өздөштүрүү, кыргыз жана чет тилдерде эркин сүйлөй билүү, эң негизгиси убакытты текке кетирбөө жана талыкпастан эмгектенүү», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

«Бизде жумуш көп, убакыт аз. Бизде мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар бар. Болгону иштеш керек, жаңы дем, жаңы демилгелер керек”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле аларды баалоо жана мотивациялоо системасын өркүндөтүүгө багытталган семинарлар өткөрүлдү.