08
Май
2023
Эдил Байсалов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошевди Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 98 жаштагы ардагери Касымбай Жолдошовго барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.
Ал ардагерге Мамлекет башчысынын атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөм, ошондой эле майрамдык белектерди жана таттууларды тапшырды.
Өз кезегинде Касымбай Жолдошев көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.