18
Май
2023
А.Эргешов: "Нарын шаарында убактылуу ыңгайсыздык болгону менен келечектүү жумуштар жасалууда"
18-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын эли менен жолугуп, жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берүү менен шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууда облус жетекчиси мерчемделген жумуштар активдүү фазасына келгенин белгиледи. Нарын шаарындагы жолдордун ремонт жумуштары шаар элине бир аз ыңгайсыздык жаратып жатканын, бирок бул иштер келечек үчүн жагымдуу ыңгайсыздык экенин айтты. Шаардын 47 көчөсүн асфальттоо маселесин чечип бергендиги үчүн жалпы элдин атынан Президентке ыраазычылык билдирди.
А.Эргешов облуста ишке ашып жаткан реформалар, пилоттук долбоорлор, эл аралык мамилелердин натыйжалары, алдыдагы пландар боюнча көрсөтмөлүү маалымат берди. Анын ичинде Нарын шаарында ишке ашып жаткан жаңы иш аракеттерге кеңири токтолду.
Алсак, быйылкы жылы Нарын шаарында 29,2 чакырым жолго, же 47 көчөгө асфальт төшөлөт. Бул көчөлөрдун ичинде 3,2 чакырымды түзгөн Ж.Шералиев көчөсү да бар. Борбордук Ленин көчөсүндөгү картайган бак-дарактардын ордуна жаңылары отургузулуп, кыркылган дарактар аз камсыз үй-бүлөлөргө отун катары берилет. Көп кабаттуу ипотекалык турак үйдун курулушу башталат. Россия Өкмөтүнүн каржылоосундагы 1250 орундуу окуу комплекси курулат. Калктын транспорт каттамы үчүн электробустар алынып келинет. Кургак учук диспансеринин авариялык имаратынын ордуна заманбап диагностикалык борбор курулат. Дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында ваучердик билим берүү системасы жолго коюлуп, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен медициналык академиядан студенттер акысыз окутулат. Нарын шаарындагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна имарат курулуп берилет.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов 1-3 жылдын ичинде Нарын облусун өнүгүү жолуна салууга болоорун, бул багытта абдан көп иштер башталганын айтып, шаар мэри Канболот Тутуевди жана иштеп жаткан кызматкерлерди моралдык жактан болсо дагы колдоп берүүгө элди чакырды.
Жолугушууда элдин көйгөйлөрүн угууга көбүрөөк убакыт берилди. Шаар тургундары тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) ишине көзөмөл кылуу, Нарын шаарындагы тарыхый-этнографиялык музейдин жана С.Орозбаков атындагы китепкананын, шаардык маданият бөлүмүнүн имараттарын кеңейтүү, четки көчөлөргө канализация киргизүү, ипотекалык үйлөрдү алуунун жолдору сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлүп, жооп берилди.
Жыйында чечкиндүү кадамдары жана жасалып жаткан жумуштар үчүн Президентке, Өкмөткө, облус, шаар жетекчилигине ыраазычылык билдирген тургундар арбын болду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.