29

Май

2023

Министрлер Кабинетинде балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында балдардын жайкы эс алуусун коопсуз өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Жыйындын жыйынтыгында республикалык штабдын чечими менен жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга балдардын бош убактысын жана коопсуз эс алуусун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, камкордукка алынган балдарга, ата-энесинен ажыраган балдарга, оорулуу балдарга, кайрылмандардын балдарына, ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган балдардын эс алуусун уюштуруу чечими кабыл алынды.