31

Май

2023

Балдарды коргоо күнүн утурлай МинКабда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын балдарга мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу боюнча чакырыктын алгачкы катышуучулары болду

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынн  Жетекчиси Акылбек Жапаров "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын балдарга мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу боюнча чакырыктын катышуучуларын – биринчи жеке ишкерлерди кабыл алды (бул программанын алкагында жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү каралган).

Жолугушуунун жүрушүндө МинКаб Төрагасы мектепке чейинки билим берүүнү, аялдардын лидерлигин жана ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

“Бул кадамдар биринчи кезекте өлкөбүздүн жана балдардын өнүгүшүнө, алардын татыктуу бүгүнкүсү жана келечеги үчүн багытталган. Сизге балдарга кам көрүү боюнча өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Пилоттук долбоор биздин үмүтүбүздү актап, бул долбоорду улуттук масштабда ишке киргизебиз деп ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы челлендждин биринчи катышуучуларына “Өкмөттүк акселераторлор” программасына катышуу сертификаттарын тапшырды жана пилоттук долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 100 күндүк “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке ашырылып, анын биринчи багыты мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну жогорулатуу болуп саналат.

Бул чакырыкты ишке ашыруунун алкагында 200дөн ашуун адам мектепке чейинки билим берүүнүн негиздери боюнча окутулду жана окуудан өтүүдө, 50дөн ашуун адам окууну ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алды, алардын 10у жеке ишкер катары катталган жана үй тибиндеги бала бакчалар катары мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүгө жөндөмдүү.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштар пилоттук долбоор катары аныкталган, анда бала бакчалар жана аларды куруу үчүн жер жетишсиз.