10
Июнь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жалпы республикалык ишембиликке катышты
Кыргыз Респубоикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Белгилей кетсек, ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгын жана “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу максатында өткөрүлдү.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда республика боюнча ишембиликтер өткөрүлдү.