10
Июнь
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Сочи шаарына болгон иш сапарынан ФОТОРЕПОРТАЖ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапары аяктады.
МинКаб Төрагасы жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйындарына катышты.
Мындан тышкары, III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында МинКаб Төрагасы сөз сүйлөдү.
“Биздин кызматташтыгыбыздын жана технологиялык көз карандысыздыкка жетишүүнүн айкын мисалы боло турган бат ишке ашуучу долбоорлор керек”, - деди МинКаб Төрагасы өз сөзүндө.
Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен биргеликте ЕАЭБ жана КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналган “Евразия – биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө катышты.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда тараптар мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын убактыларын белгилешти.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Башчысы Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолукту, мындан тышкары “Росатом” атомдук энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жумуш сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен бирге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту.