15

Июнь

2023

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мектептердин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жалпы орто билим берүү мектептеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Иш сапарынын жүрүшүндө алгач МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 225 орундуу Ы. Насыров атындагы № 20 мектептин курулуш иштери менен таанышты. 

Андан соң Ош шаарынын Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И. Раззаков атындагы № 20 мектеп-гимназиясынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. 

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев мамлекет агартуу тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, жергиликтүү бийликтин жана курулуш ишин жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшүн дыкат көзөмөлгө алууну жана жалпы орто билим берүү мектептерин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды. 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү планына киргизилген жалпы орто билим берүү мектептеринин курулуш иштери менен таанышуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.