04
Июль
2023
Арстанбап айылында жол оңдоо иштери уланууда
Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы тарабынан жалпы беш чакырым аралыктагы жолго асфальт төшөө иштери колго алынган. Азыркы учурда анын төрт чакырымы бүткөрүлдү. Жумуш аяктаса айылдагы ненизги каттамда шарт жакшырат. Мындан сырткары дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички жолдор оңдолууда.