05

Июль

2023

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында 19 маселе каралды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына видеоконференция байланышы аркылуу катышты.

ЕЭК Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 19 маселе каралды.

Кеңештин чечими менен Евразия экономикалык биримдигинин GMP талаптарына ылайык фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби дистанциялык түрдө текшерүү жүргүзүү үчүн өзүнчө тиркеме менен толукталды.

Бул фармацевтикалык текшерүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана дары-дармектердин фармацевтикалык рыногуна жетүүнү чектөө коркунучун азайтат.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин чечими менен Биологиялык дары препараттарды изилдөө эрежелери жаңы главалар менен толукталды. Ал кан плазмасынан алынган дары-дармек каражаттарга карата, грипптин жана чечектин алдын алуу үчүн терапиялык протеиндердин жана вакциналардын негизиндеги биотехнологиялык препараттар, ошондой эле приондук инфекциялардын козгогучтарын дары-дармек топтору менен жугузуу коркунучун азайтууну көздөйт.

Комиссиянын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Союздун жалпы электр энергиясынын рыногунда алдыдагы күнгө электр энергиясын борборлоштурулган сооданы уюштурууну ишке ашыруу үчүн, “Электр энергиясынын дүң рыногунун соода системасынын администратору” акционердик коому (Россия Федерациясы) тарабынан аныкталды.

Мындан тышкары, Комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин эки же андан көп өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу товарлардын өтүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу навигациялык пломбалар сакталышы керек болгон бирдиктүү талаптардын тизмесин бекитти.

Аталган Тизме 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында аныкталган.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулардын максаттары үчүн айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин № 1 тиркемесинин жаңы товардык позициялары үчүн өндүрүш шарттары аныкталат.

Жаңы товардык позициялар үчүн өндүрүш шарттарын координациялоо Биримдик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтет, өндүрүүчүлөрдүн ортосунда жаңы кооперативдик чынжырларды түзүүнү камсыз кылат.

Жыйындын соңунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отурумун 2023-жылдын август айынын аягында Москва шаарында (Россия Федерациясы) офлайн форматында өткөрүү чечими кабыл алынды.