14

Июль

2023

Экономика жана коммерция министрлигинде республиканын биринчи Бизнес-акыйкатчысынын элесине арналган мемориалдык такта ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын биринчи Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин жаркын элесине арналган иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында өлкөнүн биринчи Бизнес-акыйкатчысынын элесине арналган мемориалдык тактанын ачылыш аземи болду.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бизнес-акыйкатчы институтунун маанилүүлүгүн айтып, экономиканы өнүктүрүүгө, жеке менчикти коргоого жана өлкөгө инвестиция тартууга салым кошкон инсан катары Робин Орд-Смиттин өзгөчө ролун баса белгиледи.

Эске салсак, Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын биринчи Бизнес-акыйкатчысы болгон жана 2022-жылдын сентябрында күтүүсүз оорудан каза болгон.