18
Июль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Ушул жылдын сентябрь айынан баштап директорлордун, завучтардын, жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акыларын көтөрүүнү пландап жатабыз
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына катышты.
Коллегиянын отурумунун күн тартибинде 4 маселе каралды.
Жыйындын күн тартибинин алкагында билим берүү жана илим министринин жана мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорунун отчеттору угулду.
Президенттин 5 мамлекеттик жогорку окуу жайына "өзгөчө статус" ыйгарган "Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
"Азыркы адам интернетсиз жашоону элестете албаган мезгил келди. Заманбап технологияларды колдонуу адамдын толук кандуу жашоосу үчүн милдеттүү шарт болуп калды. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлигинин алдында суроо турат - биз балдарыбызга эмнени үйрөтүшүбүз керек?!" - деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле 2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы көбөйтүлгөнүн, анын ичинде аны төлөө системасы толугу менен кайра каралганын кошумчалады.
"Ушул жылдын сентябрь айынан баштап биз директорлордун, завучтардын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлык акыларын көтөрүүнү пландап жатабыз. Бирок, айлык акынын жогорулашы билим сапатына кандай таасир этерин билүү абдан маанилүү. Билим берүү тармагына эле 2023 - жылы 60,9 млрд сом каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көп", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Бала бакчага барган бала мектепке чейинки мекемеге барбаган балага караганда белгилерди жана символдорду көбүрөөк билет. "Өкмөттүк акселераторлор" долбоорунун жыйынтыгы жакшы жыйынтык берди, анын алкагында 5 миңден ашуун бала бала бакчаларга камтылды", - деди МинКаб Төрагасы.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы баса белгилеген дагы бир маселе – билим берүүнүн сапаты.
"Билим берүү жөнүндө жаңы Мыйзам - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын масштабдуу инвентаризациялоонун бир бөлүгү. Мурунку билим берүү Мыйзамы 2003-жылы кабыл алынган. Акыркы жыйырма жылдын ичинде дүйнө өзгөрдү, өлкө өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Жасалма интеллект пайда болду, азыркы адам тез ойлонуп, чечим кабыл алышы керек, ийкемдүү ой жүгүртүүгө ээ болуп, чыгармачылык дараметин өнүктүрүшү керек. Билим берүү мыйзамын кайра карап чыгуу - учурдун талабы", - деди Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары, ал мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин гана эмес, жалпы коомдун, ар бир педагогдун жана ата-эненин кам көрүүсүнө айланышы керек. Кыргызстандыктар глобалдуу рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болууга тийиш. Биз абалды кескин өзгөртүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатышыбыз керек. Мисалы, Уругвайдын тажрыйбасын колдонуп, окуучуларга, жада калса мугалимдерге ноутбук сатып алуу керек. Көп жылдар бою мамлекет билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзгөн эмес, бул деген жаман көрүнүш, анткени диагнозду билбесең, эмнени жана кантип дарылоону билбейсиң. Окуучулардын жетишкендиктерине көз карандысыз баа берүүнү уюштуруу керек. Алардын негизинде билим берүүнүн жана окутуучулук курамдын сапатынын өсүшү үчүн инструменттер жана стимулдар иштелип чыгат", - деп баса белгиледи МинКаб башчысы.
Ал ошондой эле билим берүүнү каржылоонун жаңы механизмдерин киргизүү маселелерине токтолуп, атап айтканда, "жан башына" ченемдик каржылоого негизделген ваучердик механизмди белгиледи.
"Мектептерди каржылоо мектептин статусуна, түрүнө же жайгашкан жерине көз каранды болбошу керек, ар бир мектеп ар бир окуучу үчүн атаандашышы керек. Айыл жериндеги балдар үчүн колдоо шаарлардагыдай эле болушу керек, биз айылдык жана шаардык мектептердин ортосундагы билим берүүдөгү ажырымды азайтышыбыз керек", - деди Акылбек Жапаров жана ваучердик механизмди киргизүү кылдат эсептөөлөрдүн жана пилоттук режимдин негизинде түзүлүшү керектигин кошумчалады.
Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы окуу жайды аяктагандан кийин мектеп окуучулары кайсы тармакта болбосун суроо-талапка ээ болууга мүмкүнчүлүк бере турган белгилүү бир жөндөмдөргө ээ болушу керектигин белгиледи.
"Мектеп – бул таланттуу окуучу таланттуу мугалим менен жолуккан жер, болгону ошол таланттарды ачууга шарт түзүү керек", - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.