19

Июль

2023

2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт

img

Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 20-июлда, 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт.

КҮН ТАРТИБИ

1.Биринчи жарым жылдыктагы Министрлер Кабинетинин ишинин натыйжалуулугу боюнча (2023-жылга бекитилген Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер Планынын аткарылышына баа берилет).

Баяндамачы: Жапаров Акылбек Усенбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

Тең баяндамачылар:

-Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;
-Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

- Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы.


2.2023-жылдын биринчи жарым жылдыктагы негизги социалдык-экономикалык натыйжалар боюнча. (2023–жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн абалы).

Баяндамачылар: Сейитов Чоро Сейитович  – Кыргыз Республикасынын экономика министринин 1-орун басары; Текебаев Тилек Кыдырмаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Ибраев Таалайбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович – КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

3. Ысык-Көл облусунун жана Ош шаарынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары.

Баяндамачылар: Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Иманбетов Илияз Жеңишович жана Ош шаарынын мэри Джетигенов Бакытбек Дженишбекович.

Жыйын УТРКнын, ЭлТРдин түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда (Кыргыз Өкмөтү) көрсөтүлөт.

Түз эфир 10: 00дө башталат.