20

Июль

2023

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мыкты мамлекеттик органдардын рейтингин атады

Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында мыкты мамлекеттик органдардын рейтинги аталды. 

"2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын аткаруу планы 554 иш-чарадан турат. 2023-жылдын 1-июлуна карата 92 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү келди, анын ичинен аткарылганы – 71, же 77 %ды түздү.

Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алган баалары атайын иштелип чыккан Баалоо методикасы боюнча аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: “эң жакшы” деген баа менен –11 мамлекеттик орган, “жакшы” деген баа менен – 8 мамлекеттик орган, “канааттандырарлык” деген баа менен – 4 мамлекеттик орган, “канааттандыраарлык эмес” деген баа менен – экөө”, - деп белгиледи МинКаб Башчысы.

“Мыкты” баа алган мамлекеттик органдардын ичинен МинКаб Төрагасы  Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Энергетика, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтерин, облустардан: Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарын жана Бишкек жана Ош мэрияларын белгилеп өттү.  

Мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Башчысы иш-чаралар планын аткарууда бир катар кемчиликтерди белгилеп, атап айтканда формалдуу мамилени, мамлекеттик органдардын ортосундагы координациянын деңгээлинин төмөндүгүн жана Пландын пункттарын аткаруу мөөнөттөрүнүн бузулгандыгын белгиледи. 

Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин "мыктылардан үлгү алууга" жана жыл жыйынтыгы боюнча сапаттуу жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.