11

Август

2023

Топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында болуп өттү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. 

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында болоору пландалууда.