20
Август
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун КЭР СУАРга болгон жумуш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон 4 күндүк жумуш сапары аяктады.
Сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, анын натыйжасында курулуш, гидроэнергетика, билим берүү тармагында бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы энергетика, транспорт, фармакология, электромобилдерди өндүрүү, логистика тармагында Кытайдын ири корпорацияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү, анын жыйынтыгында бир катар практикалык макулдашуулар жана келишимдер түзүлдү.
Акылбек Жапаров ошондой эле “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсүнө катышуу менен анда сөз сүйлөдү жана Кыргыз Республикасынын павильону менен таанышты.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы кыргыз-кытай ири бизнес форумуна катышты, анын жүрүшүндө 1 миллиард АКШ долларынан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлган.
Жумуш сапарынын соңунда МинКаб Төрагасы Үрүмчү шаарынын ЭЭАнын жана бондалык аймактарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Экономика жана коммерция министрлигине Бишкек эркин экономикалык аймагынын базасында ушундай эле бондалык аймактарын түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, МинКаб Төрагасынын жумуш сапары Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча болду, анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылдын май айында Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу.