01

Сентябрь

2023

Баткенде билим күнүндө төрт типтүү мектеп пайдаланууга берилди

Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата төрт  типтүү мектеп ачылып,пайдаланууга берилүүдө.

Алар:

-Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” мектеби

-Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби.

- Баткен районунун, Орто -Боз айылындагы “Ж.Момунов” орто мектеби;

-Кыштут айылындагы “Кыштут” орто мектеби;

Мындан сырткары дагы үч мектептин курулушу аяктап,пайдаланууга берүү алдында турат.Алар,

Көк-Таш айылындагы “Көк-Таш” башталгыч мектеби;

Кара-Бак айылындагы “Бото Нарматов” орто мектебинин кошумча имараты;

Кызыл-Бел айылындагы “Масалиев” орто мектебинин кошумча имараты.

Ошондой эле  быйылкы окуу жылына карата  Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. 

Учурда облуста жалпы  34 билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүүдө, анын 25 мектеп, 9 балдар бакчасы.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы