01

Сентябрь

2023

Үч-Коргон айылында Газы Малаев атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Нурлан Дарданов, Манас районунун Үч-Коргон айылындагы Газы Малаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.
Облус башчысы өз куттуктоо сөзүндө: “Учурдан пайдаланып аталган орто мектебинин окуучуларын жана мугалимдер жамаатын заманбап мектептин ишке берилиши менен ак дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
 Кыргызстандын келечеги билимге, илимге умтулган ар тараптан өнүккөн, заманбап технологияларды өздөштүргөн жаштардын колунда.
Биз окуучуларга билим берүүдө, окутуу жана тарбиялоо боюнча буга чейинки бай тажрыйбабызды сактап жана тереңдетүүгө көңүл буруп, балдардын ой жүгүртүүсүн, татаал маселелерди чече билүү жөндөмүн өнүктүрүшүбүз керек” деди.
Белгилей кетсек, Манас районунун Үч-Коргон  айылында жайгашкан Газы Малаев атындагы  орто мектептин курулушу  2016-жылы башталган. 
Эки кабаттуу 150 орундуу мектептин курулушуна  республикалык бюджеттен 74 555 790 сом  сарпталды.