12

Сентябрь

2023

МинКаб Башчысы Акылбек Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушту.

КМШнын Маалыматтык кеңешинин 29-жыйынына катышуу үчүн келген КМШнын улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен саламдашууда Министрлер Кабинетинин Башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылып жатканын белгилеп, төрагалыктын артыкчылыктуу милдеттерине токтолду. 

"КМШда Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири маалыматтык коммуникация чөйрөсү болуп саналат, ал маалыматтык коопсуздук маселелеринде мындан аркы кызматташууга басым жасайт", - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана мамлекеттик маалыматтык агенттиктердин алдында турган маанилүү милдеттердин бири КМШ өлкөлөрүнүн калкын шериктештикте болуп жаткан интеграциялык процесстер жөнүндө объективдүү маалымдоо болуп саналат.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Башчысы "маалыматтык кеңеш жалпы тарыхый жана маданий тамыры бар КМШ элдеринин ортосундагы жакшы мамилелерди сактоого олуттуу салым кошот", деп белгиледи.

Өз кезегинде КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы, анын ичинде маалымат мейкиндигиндеги жакшы мамилелерди чыңдоого багытталган бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти. 

Жолугушуунун соңунда МинКаб Башчысы КМШнын Маалымат кеңешинин отурумунун катышуучуларына пайда алып келген жана Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдай турган жемиштүү иш каалады.