13

Сентябрь

2023

МинКаб Башчысы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө Президенти тарабынан коюлган стратегиялык долбоорлорду жана тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун сунуштады. 2024-жылы жалпы мамлекеттик сектордун бюджетинин же консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 миллиард сом деңгээлинде пландаштырылганы белгиленди.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен 2024-2028-жылдарга республикалык бюджетти түзүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн камтыган 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун жактырды.