16
Сентябрь
2023
Талас облусунда массалык ишембилик болуп өттү
Бүгүн, 16-сентябрда Талас облусунун бардык аймактарында массалык ишембиликтер болуп өттү.
Ишембиликке ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жана Талас облусундагы бардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери активдүү катышты.
Облус башчысы Нурлан Дарданов: " Талас облусунун ар бир жараны тазалыкты сактоого үйрөнүшү керек. Жаратылыштын алдында болгон жоопкерчиликти сезип таштандыны туш келди таштаган жаман адатыбыздан арылууга чакырып кетем" деди.
Белгилей кетсек, ишембиликтин алкагында Талас облусунун аймагындагы административдик мекеме-уюмдар жайгашкан аймактар, Талас токоюнун ичи жана ошондой эле жол жээгиндеги таштандылар терилип чыгарылды.