29

Сентябрь

2023

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен Вьетнамдын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын биринчи орун басары Нгуен Кхак Динь сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын биринчи орун басары Нгуен Кхак Динь баштап келген делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.

МинКаб Төрагасы эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана аларды таптакыр башка сапаттык деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелеринен тышкары туризм тармагындагы кыргыз-вьетнам байланыштарын активдештирүү маселелерине токтолушту.

Бул багытта МинКаб Төрагасы туристтерди тартуу боюнча тажрыйбасындагы билим менен бөлүшүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Улуттук Ассамблеянын Төрагасынын биринчи орун басары Нгуен Кхак Динь кыргыз-вьетнам мамилелеринин ишке ашпай жаткан потенциалын баса белгилеп, бул жолугушуу эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди.