01

Ноябрь

2023

Минкаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кытайлык инвесторлор менен инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулады

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

 Банк иши, электрондук коммерция, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бакыт Төрөбаев инвестиция тартууга багытталган долбоорлорду колдоого толугу менен даяр экендигин билдирип, «бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын» белгиледи.

«Биздин тоо-кен жана энергетика тармагында чоң пландарыбыз бар. Биз кызматташууга жана бардык пландаштырылган долбоорлорду жүзөгө ашырууга даярбыз», - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев жана мындан аркы биргелешкен аракеттердин башаты катары саналган жол картасын иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Өз кезегинде кытай делегациясынын өкүлдөрү кытай компанияларынын Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыгуусун белгилешип, энергетика, соода-экономикалык жана банк тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жогорку деңгээлдеги сапарлар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң түрткү бергендиги белгиленди.

«Кыргызстан келечекте Борбор Азиянын «Сингапуру»  болуп каларына ишенебиз», - деп жыйынтыктады кытайлык инвесторлор.

Белгилесек, жолугушууга «CZBANK», «NEW ENERGY SOURCES CO.,LTD» сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү катышты.