06
Ноябрь
Минкаб башчысы Акылбек Жапаров жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашы үчүн жоопкерчилик каралаарын эскертти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров борбор калаанын ЖЭБинин 2023-2024-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Минкаб башчысы ЖЭБдин негизги агрегаттарын, көмүр сактоочу кампаны көрүп чыгып, шаардыктардын турак-жайларына жылуулук берилген соң тиешелүү түзүмдөр күчөтүлгөн режимде иштеши керектигин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы Энергетика министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына, ошондой эле башка тиешелүү мамлекеттик органдарга ЖЭБде жана башка жылуулук түйүндөрүндө өзгөчө кырдаал орун алган учурда ыкчам чара көрүү тобун аныктоону тапшырды.
«Өзгөчө кырдаалдарга жол берилбеши керек, биз ар дайым бир кадам алдыда болушубуз керек. Синоптиктер ноябрдын аягына чейин жылуу аба ырайы болорун айтышууда, дагы бир ирет баарын кайрадан текшерүү керек. Станциянын негизделгенине 60 жылдан ашты, ошондуктан ар бир жабдуу үчүн максималдуу түрдө запастарды даярдоо зарыл. Сиздер ар кандай кырдаалдарга даяр болушуңуздар керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга шаардыктардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин коюп, эгерде жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураса, жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги каралаарын эскертти.