16

Декабрь

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат. 

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылаары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Россия Федерациясы 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Өкмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы КМШнын органдарына Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.