22

Декабрь

2023

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: 2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болот

2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба продукциясын сактоо, экспорттоо боюнча жакында Москва районунда ири ишкана ачылганын, ушундай эле өндүрүш өлкөнүн 5 жерине Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Ата, Балыкчыга ачылаарын билдирди. 

“Наркы 10 миң доллардык тыбыт иштетүүчү цехтер ачылат. Жүндөн жер семирткич алуу боюнча завод ачуу каралууда. Терини кайрадан иштетүү башталат. Ысык-Атада 50 миң тонна картошканы кайра иштетүүчү заводду ачуу планга коюулду. Балыкчыда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен канаттуулар фабрикасынын кошумча линиясын ачуу аркылуу тооктун этине болгон муктаждык жабылат. Араванда 10 гектар жерге Текстиль заводу курулат, пахта өндүрүү, кайра иштетүү жолго коюулуп, Ош, Жалал-Абадта өсүмдүк майын өндүрүү жанданат”, - деди Бакыт Төрөбаев. 

Мындан тышкары, ирригация тармагын жакшыртуу максатында кийинки жылы чакан  суу сактагычтар (БСР, БДР) курулат. Белгилей кетсек, бул маселе Курултайда дагы көтөрүлүп суроолордун көбүн сугат суу маселеси түзгөн. 

“Азыркы БСР, БДР, суу сактагычтардын көлөмүн көбөйтүү үчүн тышкы инвестиция жана бюджет аркылуу 4 БДР курулат. 367 млн сомго техника сатып алабыз. Чүй облусуна БДР, БСР курууга өзүнчө 350 млн сом берилет. Ички чарбалык каналдар мамлекеттин эсебине өткөрүлөт жана аларды оңдоого акча каражаты каралат. Жылына кошумча 2 млрд сомдон кем эмес акча бөлүнөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.