31
Декабрь
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
«Армения менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин аркасында, 2024-жыл эки тараптуу жана көп тараптуу багыттар боюнча жемиштүү кызматташуунун жаңы этабы менен белгиленет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Армениянын Премьер-министри Министрлер Кабинетинин башчысына чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалады.