31

Декабрь

2023

Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри Мухаммед бен Рашид Аль Мактум Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубай Эмиратынын башкаруучусу Мухаммед бен Рашид Аль Мактум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. 

БАЭнин Премьер-министри Министрлер Кабинетинин башчысына чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын достук элине мындан аркы өнүгүү жана жыргалчылык каалады.