31
Декабрь
Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
«Тажик-кыргыз мамилелери достук жана жакшы коңшулук маанайда мындан ары конструктивдүү өнүгүүсүнө ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.
Тажикстандын премьер-министри Министрлер Кабинетинин башчысына чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы ийгиликтерди каалады.