31

Декабрь

2023

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Алихан Смаилов Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы конструктивдүү өнөктөштүк узап бара жаткан жылда өнүккөнүн жана бир тууган элдердин кызматташтыгын дагы кеңейтүүгө багытталып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Казакстандын Премьер-министри МинКаб Төрагасына бекем ден соолук, мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.