31

Декабрь

2023

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

img

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы 2024-жылы менен куттуктады.

“Узап бара жаткан жылда биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгүп жатты. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык чыңдалды. Энергетика, өнөр жай, транспорт инфраструктурасы, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылды. Көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана келечектүү демилгелерди ишке ашыруу Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берээрине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.