31

Декабрь

2023

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

img

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Жаңы 2024-жылы менен куттуктады.

“Келе жаткан 2024-жылы биздин биргелешкен ишибиз жана конструктивдүү диалогго дайыма даярдыгыбыз беларусь-кыргыз байланыштарын мындан ары да бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөрүнө ишенем. Быйылкы жыл тынчтыктын, бакубатчылыктын жана бардык пландаштырылган демилгелер менен пландарды ишке ашыруунун жылы болсун”, - деп белгиленет куттуктоодо.