22

Январь

2024

Акылбек Жапаров Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ЖОЖдордун ректорлору менен болгон отурумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин өткөн жылда аткарган иштерин жана алдыдагы пландарын талкуулаган жыйынга катышты. 

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ал аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон баарлашуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров бир катар маселелерди белгиледи. 

“Дагы бир жолу айтам министрлер, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү, аймактагы мамлекеттик органдар – баарыбыз бир кемедебиз. Баяндамалардан көрдүк статистикалык маалыматтарга кызыгып эле өзүңөрдөгү аткарылып жаткан иштериңерди жакшылап айта алган жоксуңар. Аткарылып жаткан иштерди так билгендей болушуңар керек”, - деди Акылбек Жапаров. 

Быйыл жогорку окуу жайлар менен аймактардын биргелешип иштөөнүн биринчи жылы экенин, реалдуу жыйынтыктар бир жылдан кийин суралаарын айткан Акылбек Жапаров, айтылган сөздөр презентация бойдон калбашы керектигин билдирди.

“Ректорлор, жаш кадрларды мамлекеттик ишке аралаштырыңыздар, долбоорлорду жазышсын, консультант болушсун. Андан соң губернаторлор аларды жумушка тарткыла, борбордук органдарга да сунуш кылыңыздар. Ал үчүн буга губернаторлорду кызыктырып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, мыкты бүтүрүүчүлөрдү алып калууга стимул берүүнүн үстүндө ойлонуңуздар. ЖОЖдор чыгарган кадрлар башка жактарга кетип калбай облустун потенциалын жогорулатууга салым кошкондой болсун”, - деди МинКаб Төрагасы. 

Ошондой эле облустар, райондор ортосунда тажрыйба алмашуу практикасын жүргүзүүгө чакырган Акылбек Жапаров, мамлекеттик саясатты, Президенттин саясатын аткаруучулар жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери экенин, ошол себептүү жогорку деңгээлде иш алып баруу зарыл деп сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдер, ЖОЖдордун ректорлору үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча талкууланган жыйынга катышуудан тышкары  окуу семинарларга катышат.