26

Январь

2024

6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттар тапшырылды

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тапшырды.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.

Тактап айтканда, Аксы районунун Кош-Дөбө– 3 млн сом, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа – 2 млн сом, Түп районунун Каркыра – 1 млн сом, Араван районунун Алля Анаров –3  миллион сом, Ат-Башы районунун Ат-Башы  2 миллион сом,  Лейлек району Сумбала айыл өкмөттөрү 1 миллион сом  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.