30

Январь

2024

Бакыт Төрөбаев менен Евробиримдиктин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Брюссель шаарына (Бельгия Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында, Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын Вице-президенти Жозеп Боррель менен жолукту.  

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар транспорттук байланыштарды, транзиттик потенциалды жана соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө үчүн эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.  

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “учуу коопсуздугунун” тизмесинен чыгаруу, өлкө жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүүдө кызматташууну, ошондой эле мамлекеттин тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштырууну колдоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.    

Өз кезегинде Жозеп Боррель негизи эле Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду жогорулап жатканын белгилеп, Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташууну бекемдөө ниетин ырастады.