31

Январь

2024

1-2-февралда Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстан Республикасына иш сапары болот

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жумушчу сапары болот. 

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана «Digital Almaty 2024: Industry X» эл аралык санарип форумуна катышат. 

ЕӨАКтин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму жана башка актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн карашат.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге жыл сайын өтүүчү «Digital Almaty» санарип форумунун пленардык жыйынына катышат. 

Форумга белгилүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Мындан тышкары, визиттин алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Алихан Смаилов ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат жана бир катар маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрүнө көз салышат.