31

Январь

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган Россия Федерациясынан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды.   

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, ошондой эле өнөр жай индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери тууралуу кенен талкуулашты.    

Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин бул тармактарда иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.