01

Февраль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Казакстан Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) келди. 

Жумуш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат. 

Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.