02

Февраль

2024

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкекке учуп кетти

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарын үзгүлтүккө учуратып, борбор калаанын жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына учуп кетти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумуна катышат.