06
Февраль
2024
Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы бир катар түзөтүү мекемелерин бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Юстиция министрлиги караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын жана кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальондун имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат.
Минкаб башчысы эски имараттарды бузуу иштерин тездетүүнү тапшырды.